Бул күндөрү Алматыда бокс боюнча казак президентинин кубогуна арналган эл аралык турнирде Кыргызстан намысын 8 мушкер коргоп жаткан. Бирок 11-июлда Азия чемпиону Азат Үсөналиев менен өзбекстандык Шахобиддин Зоировдун беттешүүсүндө калыстар калыстыктан тайып, өзбек жигитке тартып койгонуна өлкөнүн башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов нааразылык билдирди. Ал мелдеш калыс эмес жүрүп жатканын айтып андан ары катышуудан баш тартты. Бекболотовдун белгилешинче, дал ушул өлкөдө атактуу кыргызстандык боксчу дайым адилетсиздикке чалдыгып келет.
Адылкан Бекболотовдун айтканына караганда, Азия чемпиону Азат Үсөналиевге казакстандыктар бешинчи ирет жеңиш бербей койду. "Акыркысы жеткен чеги болду" дейт ал. Эске салсак, Үсөналиев Шахобиддин Зоировго каршы рингге чыгып 2:1 эсебинде уттурган.
Ага чейин Зоиров менен Үсөналиев эки жолу Азия чемпионаты-2013 жана Өзбекстанда өткөн Сидней Жексондун элесине арналган турнирде беттешкен. Экөөндө тең Үсөналиев чечүүчү жеңишке жеткен.
Бул беттешти Азат жеңип кетсе, казакстандык Ерлан Тамемов менен беттешмек. Табында турган Азат аны жеңип алуусу мүмкүн эле.
Бекболотовдун айтканына караганда Казакстанда Үсөналиевге калыс эмес мамиле жасалат. 2012-жылкы Лондон Олимпиада оюндарына жолдомо алуу турнири өтүп жатканда да финалга Үсөналиев менен казакстандык Ильяс Сулейменов чыккан. Анда да Азат утуп жатса калыстар жеңишти Сулейменовго ыйгарып койгон. Өткөн жылы күзүндө Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыгуу үчүн дагы Сулейменов-Үсөналиев беттешип, калыстардын “жардамы менен” 2:1 эсеп менен Үсөналиев уттурган. (КМа)