Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Кыргызстан Чехияда өтүп жаткан интеллектуалдык олимпиадага катышууда


Бүгүн, 12-июлда Чехиянын Пардубице шаарында интеллектуалдык оюндар олимпиадасы өтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” тогуз коргоол боюнча өлкөнүн башкы устаты Нурия Султанмуратова билдирди.

Олимпиаданын жадыбалына кыргыз элинин тогуз коргоол оюну да кирген. Себеби ал Азия жана Европанын көп өлкөлөрүндө ойнолуп, Азия чемпионаттары, эл аралык мелдештер өткөрүлуп, кызыгуу улам артып баратат. Акыл таймашына тандалган алты оюнчуну өлкөнүн тогуз коргоол федерациясынын президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Камчыбек Касымов баштап барды.

Кыргызстандык топтун курамында Азиянын эки жолку чемпиону Анарбек Жамакеев, Азия чемпионаттарында байге алып жургөн Кубан Сазаев, Мирлан Кудайбердиев, Туйгунбек Талантбек уулу жана кыздардан Жазгүл Урматова бар. Жеңүүчүлөр 18-июлда аныкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG