Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Орусия: АКШ базасынын Кыргызстандан кетишине кооптонуу негизсиз


АКШнын Кыргызстандагы базасы кеткенден кийин бул өлкөдө каржылык-экономикалык абал курчуйт деген кооптонуу негизсиз. Мындай билдирүүнү 11-июлда орус Тышкы иштер министрлиги таратты. Анда коркунучка негиз жок экени жана "кыргыз тараптын өтүнүчү менен орусиялык жана башка адистер ал базаны жарандык авиатүйүнгө айландыруу боюнча комплекстүү чара көрүп жатканы" айтылат.

АКШдагы 2001-жылкы ири террордук чабуулдан кийин НАТО Ооганстанда атайын операция баштаган. Ошол эле жылы "Манас" аба майданында кыргыз өкмөтү менен макулдашуунун негизинде база ачылып, ал Ооганстанга каттаган учактарды тейлеп турган. Өткөн айда ал база кыргыз тараптын талабы боюнча мурда сүйлөшүлгөн мөөнөтүнөн жарым жыл эрте жабылды.

Аэропорттун жерин ижарага алып турганы үчүн АКШ өкмөтү Кыргызстанга ай сайын 60 миллион доллар төлөп турчу. (RK)

XS
SM
MD
LG