Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:03

Жапонияда катуу жер титирөө болду

Жапониянын түндүк-чыгышында катуу жер титирөө катталды. 11-июлда Фукусимага жакын аймакта жердин силкинүү күчү 6,8 баллга жетти. Очогу Тынч океанда 10 чакырым тереңдикте катталды. Топон суу капташы мүмкүн болгондуктан адамдарга жээктен алысыраак кетүү талабы коюлду.

2011-жылы жазында Фукусиманы катуу жер титирөөдөн кийин топон суу каптап, 19 миң адам курман болгон жана ошол аймакта жайгашкан реактордо өзөктүк авария чыккан. (RK)

​
XS
SM
MD
LG