Вице-премьер министр Абдырхаман Маматалиев Баткендеги Тамдык деген жерде кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосунда куралдуу жаңжал чыгышы боюнча эки тараптын версиялары бири-бирине дал келбей тургандыгын, мындан улам ал окуяны иликтөө боюнча тараптар биргелешкен оперативдүү иликтөө тобун түзүү чечимине келгендигин билдирди. Вице-премьер-министр мындай иликтөө тобу Башкы прокуратуранын чечими менен түзүлөөрүн эскертип, аларга кайрылуу жолдонгонун белгиледи.
Баткендеги Тамдык деген жерде 10-июль күнү түшкө жуук кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Тажик тарап жалпысынан 7 адам жаракат алып, бирөө өлгөнүн кабарлаган. Кыргызстандын Чек ара кызматы отузга жакын тажик тургуну келип, кыргыз чек арачыларын таш бараңга алып, андан бир аскер жаракат алгандан кийин ок атылганы тууралуу маалымат тараткан. Маалыматта тажик тарап оор техникалар менен кыргыз чек арачыларын атканы да айтылган. Бирок тажик тарап муну четке кагууда.
Окуядан кийин эки өлкө бири-бирин күнөөлөп, нота жолдошкон. (AzK)