Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:53

Футбол: Германия менен Аргентина финалга чыкты


Бүгүн түнү Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионаты финалдык беттешүү менен жыйынтыкталат. 8-июлда жарым финалда германиялыктар талаа ээси Бразилия командасынын “түндүгүн түшүрүп” 7:1 ири эсебинде утуп, баш байгеге талапкердин бири болгон.

10-июлда экинчи жарым финалда Голландия менен Аргентина курамалары жарым финалда беттешип, негизги жана кошумча убакытта эсеп ачылбады. Оюндун эрежеси боюнча жеңүүчүнү аныктоо үчүн командалар жекеме-жеке топ тебүүдө аргентиналыктар финалга чыккан. Эми баш байге үчүн Германия менен Аргентина командалары беттешет. 12-июлда үчүнчү орун үчүн Бразилия менен Голландия күч сынашып, 3:0 эсебинде бразилиялыктар дагы жеңилүү ызасын тартып калды.

Буга чейин Аргентина менен Германия эки жолу финалда кездешкен. 1986-жылы Мексикада өткөн чемпионатта аргентиналыктар немистерди 3:2 эсебинде утуп алышкан. Арадан 4 жыл өткөндө 1990-жылы Италиядагы дүйнө чемпионатынын финалында германиялыктар Аргентинаны 1:0 эсебинде жеңген.

Аргентина эки жолу дүйнө чемпиону болуп, эки ирет күмүш байге алган. Бул ирет агентиналыктар бешинчи жолу финалга чыкты. Германия командасы дүйнө чемпиондук наамын үч ирет жеңип алган. Алар 1954-жылы Швейцарияда, 1974-жылы Германияда, 1990-жылы Италияда өткөн дүйнө чемпионаттарында чемпион аталган. Алар 4 жолу күмүш жана 4 ирет коло байгелүү болушкан.

Дүйнө чемпиондугу үчүн финалдык беттешүү Бразилияда бүгүн 13-июлда, Бишкек убактысы боюнча 14-июлга оогон түнкү саат 2де башталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG