Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Орусия-Аргентина энергетика тармагында кызматташат


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Агентинанын президенти Кристина Киршнер энергетика тармагында кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюшту. “Росатом” бул өлкөдө атомдук электростанциясынын эки энергоблогунун курулушуна катышат. Путин Буэнос-Айрес шаарынан Бразилиядагы БРИКС саммитине барат. Бул уюмга Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы кирет. Бразилияда Путин Германиянын канцлери Ангела Меркел менен да жолугушуусу күтүлүүдө. Меркел дагы Путин сыяктуу эле бүгүн футбол чемпионатынын финалдык оюнуна катышат.

Орус президентинин Латын Америка өлкөлөрүнө иш сапары 11-июлда башталган. Ал буга чейин Куба менен Никарагуада болду.(AzK)

XS
SM
MD
LG