Кыргызстанда 14-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18...23, күндүз 29...34,
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32,
Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 28...33,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19...24, күндүз 30...35,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 19...24,
Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 15...17 градус, күндүз 29 - 31 градус ысык болот. (AzK)