Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Баткен: Чек арада абал туруктуу


Ворух тажик анклавына кире бериш. Баткен, 23-январь, 2014.
Ворух тажик анклавына кире бериш. Баткен, 23-январь, 2014.

Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибраимовдун “Азаттыка” билдиришинче, райондук бийлик өкүлдөрү айыл тургундарына чек арада ар кандай чагымчыл аракеттерге алдырбоо, жаңжалдан алыс болуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аймактагы абал күч кызматтарынын көзөмөлүндө. Жол каттамдары кадимкидей тартипте иштеп жатат.

Ошол эле учурда Тажикстандын Ворух анклавын аралап өткөн кыргыз жарандарына кошуналар кысым көрсөткөнү туурасында арыздар түшкөн. Тажик тарап мындай аракетке баргандар 10-июлда жаңжалдан жабыркагандардын жакындары экенин айтып, чара көрөөрүн билдирген.

10-июль күнү түшкө жуук Баткендеги Тамдык деген жерде кыргыз-тажик чек арачылары атыша кеткен. Ага 30 чакты жайкын тажик жараны кыргыз чек арачыларына баш ийбей, чек арада мыйзамсыз аракеттерге барышы себеп болгон. Бул кагылышуудан тажик тараптан бир киши өлгөнү, бир нече тургун жаракат алганы айтылган.

Окуя Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун баштоого тоскоолдук кылуу үчүн тажик тараптын атайын чагымы катары да сыпатталган. (JsA)

XS
SM
MD
LG