Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Ооганстанда добуштарды кайра саноо үч жумадан кийин башталат


Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы президенттик шайлоонун бюллетендерин кайра саноо үч жумадан кийин башталаарын билдирди.

Юсуф Нуристани 13-июлда журналисттерге маалымдагандай, комиссия 100 топ түзүп, алар күнүнө миң урнадагы бюллетендерди санап чыгат.

Нуристанинин айтымында добуш саноонун жыйынтыгын эки талапкер тең кабыл алышы керек жана кайра саноо процесси эки тараптын өкүлдөрүнүн, улуттук жана эл аралык байкоочулардын катышуусунда өтөт.

Бул билдирүүнү шайлоо комиссиясынын төрагасы президенттике талапкерлер Абдулла Абдулла жана Ашраф Гани 14-июнда өткөн шайлоонун экинчи айлампасынын добуштарын кайра толугу менен санап чыгууга макул болушкандан кийин жасады.

Мындай макулдашууга талапкерлер АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керриге жолуккандан кийин жетишишти.

XS
SM
MD
LG