Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Кыргызстанга Казакстандын тышкы иштер министри келет


Казак министри Ерлан Идирисов Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Казакстан министрин президент Алмазбек Атамбаев да кабыл алат. Эки күндүк сапар учурунда эки өлкөнүн саясий-экономикалык, инвестиция, миграция, чек ара жана интеграциялык маселелери талкууланат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Казакстан аймагында 30 миң тоннанын тегерегинде Орусиядан Кыргызстанга келаткан күйүүчү май өткөрүлбөй турат. Нефтетрейдерлер бирикмесинен бул маселе да сапар учурунда караларын күтүп жатышканын билдиришти. (AiT)

XS
SM
MD
LG