Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Кечээги аткылоодон кийин Москва Киевге эскертүү жасады


Кечээ Украина аймагынан делген аткылоодон бир киши набыт кеткенден кийин Москва Киевге эскертүү жасады. Кремлдин маалымат кызматы кабарлаганына караганда, президент Владимир Путин окуяга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди. Киев анын куралдуу күчтөрү чек аранын ары тарабына ок чыгарганы тууралуу маалыматтарды “акылга сыйбас” айыптоо деп четке кагууда. Украинанын айрым расмий адамдары орусиячыл жикчилдер Москваны кийлигишсин деп, атайылап чагымчыл аракетке барган деп болжолдошот. Козголоңчулар андай дооматты четке кагышууда.

Ал тапта Украина президенти Петро Порошенко орус аскерлери чек арадан өтүп, украиналык жоокерлерге чабуул коюшкан деп айыптады. Ага чейин “антитеррордук операцияда” Орусиядан жикчилдер жана оор техниканын кербени кармалганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG