Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Керри Ирандын башкы дипломаты менен жолугушууда


АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф менен Венада жолугушууда. Мамдепартаменттин улук өкүлү "Азаттыктын" иран кызматына Ирандын ядролук программасы боюнча кризисти жөнгө салууга «жетиштүү убакыт бөлүүгө» даяр экендигин бышыктады.

Британия, Франция, Германиянын тышкы иштер министрлери кечээ Венада Иранды бир катар башкы шарттарды аткарууга үндөшкөн эле. Британиянын тышкы иштер катчысы Уильям Хейг кийин «чоң бурулуш» болбогонун, уран байытуу боюнча «зор боштук» сакталып кала берип жаткандыгын билдирди.

Орусия, Кытай да кирген алты өлкө Ирандан уран байытуу программасын чектөөнү талап кылууда. Иран, тескерисинче, аны кеңейтүүнү көздөөрүн айтып келет.

XS
SM
MD
LG