Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Ооганстанда президенттик шайлоонун добуштары текшерилет


Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы президенттик шайлоодо берилген добуштарды текшерүү 3 жума созулаарын билдирди. Юсуф Нуристани кечээ Кабулда журналисттерге маалымдаганына караганда, план боюнча 100 топ күнүнө 1 миң бюллетенди текшерип турмакчы. Мунун алдында президенттикке эки талапкер Абдулла Абдулла жана Ашраф Гани 14-июнда шайлоонун экинчи турунда берилген добуштар аудиттен өткөрүлсүн деп макулдашкан.

Мунасага АКШ Мамкатчысы Жон Керри Кабулда эки талапкер менен өткөргөн сүйлөшүүдөн кийин жетишилди. Нуристани Абдулла менен Гани аудиттин жыйынтыктарын кабыл алууга тийиш деп белгиледи. Текшерүүгө талапкерлердин өкүлдөрү жана эл аралык байкоочулар көз салмакчы.

XS
SM
MD
LG