Украина бийлиги куралдуу күчтөр согуш учактарынын коштоосунда Луганск аэропортунун камоолун бузушканын билдирди. Маалыматка караганда, аба соккусунан орусиячыл жикчилер оор жоготууларга учурашты. Ага чейин “антитеррордук операцияда” Орусиядан жикчилерди ташыган жана оор техниканын кербени кармалганы маалымдалган.
Президент Петро Порошенконун кеңсесинен билдиришкендей, Киев орусиялык күчтөрдүн чек арадан өткөндүгү тууралуу далилдерди эл аралык коомчулукка сунуш кылууга даяр.
Ал тапта “Коммерсант” басылмасы Кремлге жакын булактарга шилтеп жазганына караганда, Москва Орусия аймагынын Украина тараптан аткыланышына “жооп кайтарууга” даярданууда.
Орус бийлигинин ырастоосунда, кечээ Донецкке жакын жердеги чек арадан аткылоо учурунда орусиялык карапайым бир киши набыт кеткен.
Ал эми Киев бул айыптоолорду четке кагып, куралдуу күчтөр “кошуна мамлекеттин аймагына эч качан ок чыгарышпайт” деп билдирди.