Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Украина Орусияны чек арада аскер топтойт деп күнөөлөдү


Киев Москвага Украина менен чек арада куралдуу күчтөрүн көбөйтүп жатат деген кине такты. Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Андрей Лысенко ошондой эле "орусиячыл жикчилдер Украинанын чек арачыларын аткылап, орус аскерлерин киргизүүгө шыкакчы болуп жаткандыгын" билдирди. Анын сөзү боюнча, чек арадагы Дяково кыштагынын жанында бүгүн таң заарында куралдуу кагылыш болду.

Ал арада Украинанын чыгышында Луганск шаарынын аба майданындагы жикчилдердин тосмосу бузулду. Украина армиясы каршы тарап оор жоготууга учураганын, анын ичинде Орусиядан өтүп келген бронетранспортер жок кылынганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG