Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Британиянын тышкы иштер министри кызматынан кетет


Бул тууралуу министр Уильям Хейг өзү 14-июлда маалымдады. Ал төрт жылдан бери Тышкы иштер министрлигин башкарып келди. Келерки жылы май айында боло турган шайлоонун алдында өкмөт башчы Девид Кэмерон өкмөтүндө өзгөртүүлөрдү жүргүзүүдө. Жаңы дайындоолор тууралуу Кэмерон бүгүн жарыялашы күтүлүүдө. Уильям Хейгдин айтымында, ал сексуалдык зордукка каршы атайын элчи кызматын кайрадан улантат. Буга чейин ал бул ишти белгилүү актриса Анжелина Жоли менен бирге аткарып келген. (AiT)

XS
SM
MD
LG