Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Ирак күрттөрүнүн лидери Түркия жетекчилиги менен жолугушту


Ирактагы күрт автономиялуу районунун лидери Масуд Барзани Анкарада түрк президенти Абдулла Гүл, өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган жана тышкы иштер министри Ахмет Давудоглу менен сүйлөшүүлөр өткөрдү. Барзани эгемендүүлүк алуу максатында бир нече айдын ичинде референдум өткөрүү пландары тууралуу маалымат берген. Ал ошондой эле “Ирак жана Леванта ислам мамлекети” уюшулмасынын чабуулунун натыйжасында Ирак азыркы кезде иш жүзүндө бөлүнүп калганын белгилеген. Түркия азчылыкты түзгөн күрттөрдү колдоорун, бирок Ирактын бүтүндүгүн сактап калууга умтуларын билдирген. Ошол эле мезгилде Түркия Күрт автономиялуу району менен соода байланышын кеңейтүүгө кызыгууда. Анкара Күртистан автономиясынан май айынан бери мунай экспорттойт. Багдад буга нааразы болуп келатат. (AiT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG