Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Украина орус офицерлери жикчилдер тарапта урушууда деп айыптады


Украин бийлигинин маалыматы боюнча, Ан-26 аскердик-траспорттук учак Орусия тараптан атып түшүрүлгөнү байкалууда. Учактын атып түшүрүлүүсүнө байланыштуу 14-июлда күч структуралары менен чукул жыйын өткөргөн президент Петр Порошенко “орус офицерлеринин украин куралдуу күчтөрүнө каршы согушка жикчилдер менен кошо активдүү катышып жатканы тастыкталды” деп билдирди. Украин коргоо министри Валерий Гелетейдин айтымында, Ан-26 6.5 миң бийиктикте учуп бараткан. Ошондуктан аны жөнөкөй жикчилдер атып түшүрө алмак эмес. Чыгыш Украинадагы антитеррордук операция учурунда катардагы жарандар да, аскерлер да өлүмгө учурап жатканы кабарланууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG