Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Нарын шаарынын мэри кызматтан кетүүгө арыз жазды


Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу мэриянын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн “Азаттыкка” кабарлашты.

Буга чейин Жээналиевге Шаардык кеңештин 12 депутаты ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Шаардык кеңештин төрагасы Эрмек Турсуналиевге 24-июнда 12 депутат кайрылуу жазып, мэрдин кызмат абалын кароону сунуштаган. Жакында бул маселе кеңештин жыйынында каралмак.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Баатырбек Жээналиев 2010-жылы мэр болуп шайланган. Кызматка келгенге чейин жеке ишкерлик менен алектенген. (TSh\SE)

XS
SM
MD
LG