Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Кыргыз-өзбек эксперттери чек ара маселесин талкуулап жатат


Жалал-Абад шаарында бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын эксперттери чек арадагы аныкталган тилкелер боюнча келишимдин долбоорун карап жатат. Жыйын эки күнгө уланат.

Чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” кабарлагандай, кыргыз тарап макулдашылган чек аранын узундугу 1003 чакырым десе, өзбек тарап 701 чакырым деп жатат. Эгерде бул айырмачылык боюнча орток пикир табылса, анда келишим долбоору кол коюуга даярдалат.

- Өзбек делегациясынын 12 кишиден турган жумушчу тобун коңшу өлкөнүн тышкы иштер министринин орунбасары жетектеп келди. Эртең алар келишимдин долбоору боюнча сунуштарын берет. Андан соң бир жыйынтыкка келебиз.

Искандаровдун айтымында, тараптар эртең жогорудагы маселе боюнча акыркы чечимди кабыл алмакчы.

Кыргызстан Өзбекстандын Анжиян, Фергана жана Наманган облустары менен чектешет. Эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым, анын 1007ү такталган. Калган бөлүгүн тактоо уланууда. (YA\SE)

XS
SM
MD
LG