Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Эл аралык бала асыроо боюнча соттук кароо башталды


Кыргызстандык балдарды асырап алуу боюнча чет элдик жарандардын арыздары сотто карала баштады. Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, бала багып алууга учурда 12 арыз түшкөн. Арыз ээлеринин көбү АКШ жарандары. Cотто алардын баланы карамагына алууга болгон мүмкүнчүлүктөрү каралат.

Учурда Кыргызстанда 9 чет элдик уюм бала асырап алуу боюнча иш алып барат. Алардын жетөө Кошмо Штаттарга, бирөө Германияга, бирөө Швейцарияга таандык. Бала багуу ишмердүүлүгүнө уруксат сурап, алгач 17 уюм кайрылган.

Уруксат берилген мекемелер бала асырап алуу боюнча 10 жылдан ашуун тажрыйбага, балдар укугун сактоо боюнча Гаага конвенциясынын сертификатына ээ экендиги, Кыргызстандын жана өзү катталган өлкөнүн мыйзамдарын бузбагандыгы текшерилип, анан каттоого алынган.

2012-жылы токтотулган балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүү ишмердиги быйыл жаңы жобонун негизинде кайрадан жанданды. Бала асыроону токтотууга Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги чуулгандуу коррупциялык иштер негиз берген. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG