Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:18

Нурдин Букуев футзал чемпионатында калыстык кылууда


13-июлдан бери Испаниянын Антекера шаарында футзал боюнча студенттер арасында дүйнө чемпионатынын беттеши өтүп жатат. Чемпионатка ФИФАнын кыргызстандык калысы Нурдин Букуев да расмий чакырылып, калыстык кылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Мирлан Айтаалы билдирди.

Букуев студенттердин дүйнөлүк чемпионатынын финалдык беттешүүлөрүнө калыс катары дайындалган. Студенттердин дүйнөлүк футзал чемпионаты 20-июлга чейин уланат.

Нурдин Букуев жогорку деңгээлдеги мелдештерде 2007-жылдан бери калыстык кылат. (КМа)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG