Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Түркмөнстандын тышкы иштер министри, министрлер кабинетинин төрага орунбасары Рашид Мередовду кабыл алды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Мередов Кыргызстанга эки мамлекеттин ортосунагы дипломатиялык алака-катышты жандантуу максатында келген.
Алмазбек Атамбаев түркмөн министринин сүйлөшүүсү мындан аркы кызматташтык, мамлекеттер аралык ымаланы бекемдөө жаатында болду.
Түркмөнстан Кыргызстанда өз элчилигин ачууга кызыкдар экенин ушул айдын башында расмий билдирген. Ашхабадда кыргыз элчилиги 1994-жылы эле ачылган. (SE)