Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Москва метросундагы кырсыктан ондон ашуун киши каза болду


Москва метросундагы кырсыкта бери дегенде 16 киши каза тапты, 100гө жакыны жараланды. Катуу ылдамдыкта бараткан поезд чукул токтогондо 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Окуя бүгүн эртең менен Парк Победы жана Славянский бульвар станцияларынын ортосунда болду. Курман болгондордун санын шаардын Саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн жетекчиси тастыктады. Чукул кырдаалдар министри Александр Дробышевски жарадар болгондорду эвакуациялоо үчүн 8 тик учак, ондогон тез жардам машиналары тартылганын билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, чукул абал түзүлдү деген жалган белгиден улам айдоочу тормозду катуу баскан болушу мүмкүн.


XS
SM
MD
LG