Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Жалал-Абад мэриясы газ өчүшү мүмкүндүгүн эскертти


Мэрдин коммуналдык маселелер боюнча орунбасары Турдалы Темирбаев мекеме-ишканалар, турак-үйлөр альтернативалык жылытуу системасына өтүшү зарылдыгын белгиледи. Шаардык мэриянын бүгүн кышка даярдык боюнча өткөргөн жыйынында Темирбаев кышында калаада газ жок болушу мүмкүндүгүн эскертти. Бул тууралуу калаа бийлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Шаардагы газ менен ысытылган мекеме-ишканалар электр энергиясы жана көмүр, мазут менен жылытууга өтөт. Билим берүү мекемелердин чыгымдарын мэрия төлөйт. Ал эми жылуулук тармагы аркылуу газ менен ысыган турак-үй ээлери чыгымдардын баарын өздөрү төлөйт.

Жалал-Абад шаары Кочкор-Атадагы мунай заводунан берилчү газды колдонот. Кышында Өзбекстандан кошумча көгүлтүр от алат.

Коңшу өлкө Кыргызстанга берилчү газды үч ай мурун бууп салган. Андан бери Ош шаарынын тургундары көгүлтүр отсуз отурат. (SE)

XS
SM
MD
LG