Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

АКШ: Орусия украиналык жикчилдерге көмөктөшүүнү улантууда


Вашингтон чыгыш Украинадагы жикчилдерди колдоп жатат деп Орусияны кайрадан айыптады. Кремл болсо АКШ жетекчилигинин дооматтарын четке кагууда. Мамлекеттик департамент кечээ шардана кылган маалыматка караганда, “Орусия жикчилдерге көмөктөшүүнү токтотту деген далилдер жок”. “Иш жүзүндө Орусия аларды оор курал-жарак, башка аскердик жабдуу менен камсыздоону, каржылоону жана Украинага ээн-эркин каттоо үчүн шарт түзүүнү улантууда деген бүтүмгө келдик, - делинет Мамдепартаменттин баяндамасында.

Документте айтылгандай, АКШ Москванын өлкө чыгышында орус куралдуу күчтөрү пайдаланбай калган аскерий техниканын топтолуп жатканына кабатыр.

XS
SM
MD
LG