Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Керри: Иран менен сүйлөшүүлөрдө көп иштер жасалууга тийиш


АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө “прогресс болду", бирок 20-июлга чейин дагы “көп иштер жасалууга тийиш” деп билидрди. Кечээ Венада Тегеран менен алты державанын өкүлдөрү жолугушкандан кийин Керри сүйлөшүүлөр курч өткөнүн жана тараптардын турумунда ажырым чоң экенин билдирди. Ошол эле маалда Мамкатчы алга жылуу болот деген үмүт дагы деле бардыгын айтты. Ал Вашингтонго кайтып президент Барак Обама жана Конгресс менен кеңешме өткөрөөрүн кошумчалады. Керринин айтканына караганда Ирандын уран байытуучу 19 миң центрефугага ээлик кылышы өтө көп деген көз караш Тегеран жетекчилигине жеткирилди. Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи өткөн аптада өлкөгө дагы 10 миңдеген центрифуга керек деп айткан.

Жыл башында Тегеран жана АКШ, Орусия, Франция, Британия, Кытай, Германия кирген топ ортосунда жетишилген утурумдук келишимдин мөөнөтү 20-июлда аяктайт.

XS
SM
MD
LG