Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Кыргызстанда электр энергиясын керектөөгө чектөө киргизилиши мүмкүн


Бул тууралуу “Улуттук электр станциялар” акционердик коомунун жетекчисинин биринчи орун басары Алексей Бородин 15-июлда билдирген. Анын айтымында, жетишпей жаткан суунун тартыштыгын жабуучу ресурс табылбаса, анда “популярдуу эмес” чечимдер кабыл алынат.

Бүгүнкү күнгө карай кыргыз өкмөтү Казакстандан күз-кыш мезгилинде 1 млрд киловатт саат электр энергиясын сурап жатканы маалым болду. 15-июлга карай Токтогул суу сактагычында 11 млрд 240 млн куб метр суу топтолгон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд куб метрге аз.

Энергетикалык эксперт Эрнест Карыбеков өлкөдө электр энергиясын берүүгө чектөөлөр эмитен эле киргизиле баштагынын 16-июлда “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG