Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Тоо туристтери үчүн кыргыз-казак чек арасында жаңы бекет ачылды


Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Чаар-Кудук капчыгайында кыргыз-казак чек арасынан өтүүчү тоо туристтери үчүн жаңы бекет ачылды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Бир нече өлкөнү кыдыруучу туристтик топтор эми "Каркыра" көзөмөл-өткөрмө пунктуна барып отурбастан ушул бекет аркылуу өтө алат. Жаңы бекет 17-июлдан 1-сентябрга чейин иштейт.

Аны ачуу тууралуу 12-июлда эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда сөз болгон жана мындай чечим тоо туризмин өнүктүрүү максатында кабыл алынганын Чек ара кызматы маалымдоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG