Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Ош облусунда эгин талаасынан граната сымал зат табылды


Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагындагы Жийделик кыштагындагы эгин талаасынан гранатага окшош зат табылды. Аны ошол айылда жашаган 14 жаштагы бала таап алып, милицияга апасы кабар бергенин “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Сырткы көрүнүшү "Ф-1" үлгүсүндөгү гранатага окшош жарылуучу зат экспертизага жиберилди.

Быйыл 17-апрелде Баткен облусунун Зардалы айылына жакын “Коргон” чек ара тозотунда 4-10 жаштагы жети тестиер бала белгисиз жарылуучу зат таап алып, аны менен ойноп жатканда жарылып кеткен. Эки бала мүрт кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG