Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Кыргыз жараны метродогу аварияда мерт кеткенин оорукана тастыктады


Москвада каза тапкан 27 жаштагы Мээрим Арунова 15-июль күнү метродогу аварияда мерт кеткенин шаардык оорукананын кызматкерлери тастыктады. Кыргызстандын Орусиядагы вице-консулу Алмазбек Букалаев “Азаттыкка” билдиргендей, эртең маркумдун туугандары келгенден соң сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү боюнча документтер даярдалат:

- Ооруканадан бизге берген маалымат боюнча Мээрим Арунованын сөөгү авария болгон жерден өлүкканага жеткирилген. Саламаттыкты сактоо департаменти каза болгондор боюнча акыркы тизмени азырынча бере элек.

Элчиликтин маалыматына ылайык, кырсыкта жараат алган кыргызстандык жаран Медербек Марасуловдун абалы дурус. Ал Москвадагы №20 ооруканада жатат, дарыланууга байланыштуу чыгымдын баарын шаар бийлиги өзүнө алган.

Аварияда Кыргызстандын 5 атуулу жараат алганы тууралуу маалыматты элчилик тастыктаган жок. Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери териштирүү иштерин улантып жатышат.

15-июлда Парк Победы жана Славянский бульвар станцияларынын ортосунда катуу ылдамдыкта бараткан поезд чукул токтогондо 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Натыйжада 22 киши каза таап, 100гө жакын адам жабыркаганын, арасында Борбор Азиядан барган мигранттар да бар экенин Орусиянын расмий булактары маалымдаган.

Москвада бүгүн аза күтүү күнү жарыяланды. (SE)

XS
SM
MD
LG