Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

"Талибан" Ооганстандагы ири жардырууга тиешеси жоктугун билдирди


"Талибан" кыймылы Ооганстандын Пактика провинциясындагы базарда кечээ болгон жардырууга тиешеси жоктугун айтууда. Дүрмөттөлгөн машина жарылганда 89 киши набыт кеткен. Бул 2001-жылы АКШ баштаган күчтөр Ооганстанга киргенден берки эң кандуу окуялардан болуп калды. Кыймылдын маалымат өкүлү Забихулла Мужахид жасаган билдирүүдө "талиб согушкерлери мындай кол салууларды жасабайт, алардан эч кандай пайда көрүшпөйт” деп айтылат.

Ооган өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү теракт үчун "Талибанды" айыптап, жардыруунун карапайым адамдар ооз ачканга азык-түлүк сатып алып жатканда болгонун өзгөчө белгилешет.

Байкоочулар болсо ал аймак эч кандай стратегиялык мааниге ээ эмес экенине, аскердик база же башка объектилерден алыс орун алганына басым жасашууда. Андыктан машина пландалгандан мурун жарылып кеткен болушу мүмкүн деген версия да айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG