Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Сохтуктар кыргыз тарап суу бербей жатканын айтууда


Өзбекстандын Кыргызстандагы эксклавы Сох аймагынын Чечме айылынын тургундары үч жумадан бери кыргыз жарандары аларга суу бербей жатканын айтып “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына кайрылды. Алар 80 кожолук суусуз отурганын, 56 гектар эгин талаасы кургап баратканын айтып жатат. Чечмеликтер сууну Кыргызстандын Бирлик айылынын тургундары бууп койгонун, 2 чакырым алыс жерден суу ташууга мажбур болуп жатканын белгилешкен.

Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбай Жороев бул маалымат туура эместигин, маселени чечүү максатында чек ара аймагына барганын, бирок аны менен сүйлөшүүгө эч ким келбегенин билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG