Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Кыргыз-тажик тышкы иштер министрлери сүйлөшүү өткөрөт


Бүгүн Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Асловдун Кыргызстанга расмий сапары башталат. Ал Бишкекте Кыргызстан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен сүйлөшүү өткөрөт. Анда чек ара маселесинен сырткары эки тараптуу кызматташууга байланыштуу кеңири маселелер талкууланат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков билдирди. Кыргыз-тажик чек арасында абал 10-июлда чек арадагы ок атышуудан кийин кайрадан курчуп кетти. (AiT)

XS
SM
MD
LG