Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Стокгольм соту Жулиан Ассанжды камакка алуу чечимин өзгөрткөн жок


Ассанжды камакка алуу чечимин 2012-жылы швед соту чыгарып, Британияда жүргөн Ассанжды өткөрүп берүү талабын койгон. Ал эки швед айымына сексуалдык мүнөздө зордук жасаган деп айыпталган. Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигине кире качып кутулган. Бирок ошондон бери сыртка чыга албайт. Стокгольм сотунун бул ишке кайрылуусуна Ассанждын адвокатынын арызы себеп болгон. Ассанж өзү аны саясий себептерге байланыштуу куугунтуктоо жүрүп жатканын, Швеция өкмөтү аны соңунда АКШга өткөрүп берерин билдирүүдө. Ассанж АКШнын Мамлекеттик департаментинин жашыруун материалдарын жарыялап жибергени үчүн АКШда өлүм жазасы күтүп турганын билдирип келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG