"Учкун" басмаканасынын иши дээрлик токтоп турат. Бул тууралуу кечээ өкмөттө өткөн жыйында айтылды. Ишкананын жетекчиси Рыскелди Момбековдун айтымында, басмакананын кубаттуулугунун 20 гана пайызы пайдаланылууда, 400 жумушчу ишсиз отурат.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мекемелердин баары иш кагаздарын "Учкундан" бастырышы керек деген токтомго карабастан жеке басмаканалардан жасатып жүрүшкөнүн сындап, келерки жылдан тарта бул акционердик коом 100% мамлекеттик ишкана болуп кайра түзүлөрүн билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик ишкана-уюмдардын баары иш кагаздарын "Учкундан" бастырууга милдеттүү болот. (RK)