Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Сириядан дагы бир кыргызстандыкты кайтаруу иши башталды


Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы “Эркин Сирия армиясы” уюмунун курамында президент Башар Асаддин бийлигине каршы согушуп жүргөн 23 жаштагы жигиттин ким экенин аныктады. Ал Ош шаарынан өткөн жылы Түркия аркылуу Сирияга кеткени быйыл 16-июлда маалым болгонун шаар милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Учурда укук коргоо органдары аны Кыргызстанга алып келүү боюнча план түзө баштады.

ИИМдин маалыматына ылайык, Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 80ге чамалады жана онго жакынын аялдар түзөт. Алардын айрымдары мекенине кайтып келген. (SE)

XS
SM
MD
LG