Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Пакистанда Шарифтин резиденциясы жанында кармаш болду


Пакистандын коопсуздук күчтөрү Лахор шаарында согушкерлер менен кагылыша кетишти. Кармаш премьер-министр Наваз Шарифтин ал шаардагы резиденциясынын жанындагы турак жайды тинтүү учурунда тутанган. 10 саатка созулган атышууда бир жоокер жана 2 согушкер окко учту. Беш аскердин жараланганы, бир согушкердин туткундалганы кабарланууда.

Лахор Шариф кланынын кичи мекени Равинд чөлкөмүндө орун алган. Ал жерде ошондой эле сунни мусулмандардын ашынган эскичил көз караштары менен белгилүү "Таблиги жамаат" кыймылынын кеңсеси жайгашкан. Терроризмге каршы күрөшүү министри полковник Шужа Ханзаданын айтымында, согушкерлер кеңири террордук уюшманын мүчөлөрү деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG