Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Ош мэри газ маселеси эки жылда чечилерин айтты


Ош шаардык мэриясынын бүгүнкү жыйынында калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев газ маселеси эки жыл аралыгында чечилерин айтып, тургундарды сабырдуулукка чакырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаар жетекчиси Ошко Казакстандан газ түтүгүн тартуу зарылдыгын, ага чейин көгүлтүр от маселеси чечилиши күмөн экенин белгиледи.

Мэрия шаарда газ баллон сатуучу түйүндөрдү көбөйтүү аракетин көрүүдө. Учурда газ сата турган 8 жер бар.

Өзбекстан быйыл апрелде Кыргызстанга берилүүчү газды токтотуп койгондон бери Ош шаарынын эли көгүлтүр отунсуз отурат. (SE)

XS
SM
MD
LG