Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Обама Иран боюнча сүйлөшүүлөр маселесин Конгресс менен талкуулайт


Президент Барак Обама Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө дагы көп пикир келишпестиктер бар, бул жаатта алдыда бир топ иш жасалууга тийиш деп билдирди. Обама 20-июлдан кийин да ислам жумурияты менен диалогду улантып же улантпоо маселеси Конгресс жана өнөктөштөр менен талкууланааын айтты.

Дүйнөлүк алты держава менен Тегеран былтыр жыл этегинде атомдук программа боюнча алты айлык утурумдук келишимге жетишкен. Ага ылайык, Иран уран байытууну убактылуу токтотуп, ал үчүн өлкөгө каршы киргизилген айрым санкциялар жеңилдетилген. Обаманын айтымында, 6 айдын ичинде Иран милдеттенмелерин аткарды жана кээ бир тармактарда “чыныгы прогресске” жетишилди.

Утурумдук келишимдин мөөнөтү 20-июлда аяктамакчы. Кечээ Обама менен Мамлекеттик катчы Жон Керри мындан аркы сүйлөшүүлөр маселесин талкуулашкан.

XS
SM
MD
LG