Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Оштун кичи райондорунда таза суу жетишсиз


Калаанын Кулатов, Ак-Тилек жана Туран кичи райондоруна таза суу маал-маалы менен берилип, жашоочулар эки күндөп суусуз калган учурлар болууда. Шаардык суу чарба башкармалыгы суу азайып, айрым кичи райондорду толук камсыздоо кыйын болуп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, тургундар таза сууну эгин сугарууга колдонгондуктан ушундай маселе жаралап жатат.

Калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев бүгүн мэриянын жалпы жыйынында сууну туура эмес багытта пайдалангандарга айыппул салуу максатында рейд уюштурууну тапшырды.

Учурда Ош шаарына суткасына 225 миӊ куб метр суу келүүдө. Калааны толук камсыздоо үчүн дагы 150 миң куб метр зарыл. Суу чарба башкармалыгы бул маселени чечүү үчүн эмки жылы кошумча түтүк орнотмокчу. (YI)

XS
SM
MD
LG