Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

Израил беш сааттык ок атышпоо шартын сактайт


Израил Газа тилкесинде 5 сааттык гуманитардык ок атышпоону сактаарын билдирди. 9 күндөн бери уланып келаткан аба соккуларынан 200дөн көп палестиналык жана израилдик бир киши набыт кетти. Жөөт армиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү саат 10дон 15ке чейин (Бишкек убактысы боюнча саат 18.00) ок чыгарылбайт. Тиешелүү өтүнүч менен БУУ кайрылган.

Кечээ Палестина бийлиги Израилдин аткылоосунан Газа шаарындагы пляжда палестиналык 4 бала каза тапканын билдирген. АКШ президенти Барак Обама зомбулукту токтотуу үчүн Вашингтон бар дипломатиялык ресурстарын жумшаарын ырастады.

XS
SM
MD
LG