Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:27

АКШ Борбордук чалгындоо кызматынын өкүлү Германиядан чыгып кетти


Борбордук чалгындоо кызматынын Берлиндеги өкүлчүлүгүнүн башчысы немис бийлигинин талабы менен Германиядан чыгып кетти. Германиянын тышкы иштер министри Борбордук чалгындоо кызматынын өкүлү Германияда эмес экенин билдирди.

АКШ тараптан маалымат болгон жок. Борбордук чалгындоо кызматынын өкүлүн чыгаруу талабы Германиянын эки жараны АКШнын атайын кызматынын пайдасына тыңчылык кылганы билинип, кармалгандан кийин коюлду. Буга чейин Германиянын канцлери Ангела Меркелдин телефону америкалыктар тарабынан жашыруун тыңшалганы ачыкталып, ал эки мамлекеттин мамилесин салкындаткан эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG