Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Ооганстанда бюллетендерди кайра саноо башталды


Эл аралык байкоочулардын көзөмөлү астында президенттик шайлоодо үкөктөргө ташталган 8 млн. бюллетенди кайра саноо 17-июлда башталды. Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмад Юсуф Нуристанинин маалымдоосуна караганда, кайра саноо үч жумага созулат.

Добуштарды кайра саноо АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин ортомчулугу астында президенттикке талапкерлер Абдулла Абдулла жана Ашраф Гани менен 12-июлда макулдашылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG