Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Метродо каза тапкан Мээримдин сөөгү ишембиде Бишкекке жөнөтүлөт


Москва метросундагы аварияда каза тапкан Мээрим Арунованын сөөгү 19-июлда Бишкекке жөнөтүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы вице-консулу Алмазбек Букалаев билдирди:

- Сөөктү Кыргызстанга жеткирүү боюнча бардык тийиштүү документтерди алдык. Бүгүн саат 1:30да өлүкканадан чыгарабыз. "Домодедово" аэропорту аркылуу 19-июлда “Кыргызстан” авиакомпаниясынын учагы менен саат 11:15те Бишкекке алып кетишет.

27 жаштагы Мээрим Арунова Бишкек шаарынын тургуну болчу. Өзү Караколдо туулган. Бүгүн социалдык тармактарда маркумду Кыргызстанга алып келе албай, апасы Москвада убара тартып жүргөнү тууралуу билдирүүлөр жазылган.

Элчиликтен алынган маалыматка ылайык, кырсыкта жабыркаган дагы бир кыргызстандык Медер Марасулов Москвадагы №20 оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланууда.

15-июлда Парк Победы жана Славянский бульвар станцияларынын ортосунда катуу ылдамдыкта бараткан поезд чукул токтогондо 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Натыйжада 23 адам каза таап, 100дөн ашууну жабыркаган. (SE)

XS
SM
MD
LG