Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

Сары-Жазда кулаган тик учак швейцариялык альпинистти куткарганы барган


Ысык-Көлдө кулап түшкөн тик учактагы үч киши аймакта саякаттап жүрүп бутун сындырып алган швейцариялык альпинистти куткарганы барган. Алар туристти алып кайра артка кайтаарда тик учак шамалдан улам бир капталга оодарылып калган. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин Башкы штабынын өкүлү Эрнис Эламанов “Азаттыкка” билдирди.

Коргоо министрлигинин балансындагы Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак бүгүн түшкө маал Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз аймагында кулаган. Олуттуу жабыркагандар жок экени айтылууда. Тик учакта техникалык мүчүлүштүк болгон эмес.

Окуяны иликтөө үчүн Башкы прокуратурадан, Жарандык авиация департаментинен жана Башкы штабдын кызматкерлеринен турган комиссия кырсык болгон аймакка кетти. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG