Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Атамбаев учак кыйрашына байланыштуу көңүл айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Украина аймагында 300дөй адамдын өмүрүн алган авиакырсыкка байланыштуу Нидерланддардын падышасы Уильям Александрга, Малайзиянын премьер-министри Нажиб Тун Разакка жана Австралиянын генерал-губернатору Питер Жон Коскгроувго көңүл айтуу телеграммасын жиберди.

Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан Малайзия авиакомпаниясына таандык учак 18-июль күнү кыйраган. Учак жерден ракета менен атылганы айтылууда.

Самолеттун бортунда голландиялык, малайзиялык жана австралиялыктар басымдуулук кылган. Индонезиянын 11, Англиянын 6, Германия жана Белгиянын төрттөн, Филиппиндин 3, Канаданын 1 жараны болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG