Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Ирандын ядролук программасы боюнча келишимдин мөөнөтү узарышы мүмкүн


Кытайдын Ирандын ядролук прораммасы боюнча сүйлөшүүлөрдөгү расмий өкүлү буга чейин кабыл алынган убактылуу келишимдин мөөнөтү 20-июлдан кийин узартылышы ыктымал деп билдирди. Бирок ал канча убакытка узартылаары белгисиз. Ванг Чун акыркы айларда бир топ алга жылуу байкалганын кошумчалады. Өткөн ноябрда Иран жана Кытай, Орусия, АКШ, Франция, Британия жана Германия кирген топ жетишкен 6 айлык утурумдук келишимдин мөөнөтү 20-июлда соңуна чыгууда. Ага ылайык, Тегеран ядролук программасын чектеп, ал үчүн айрым санкциялар жеңилдетилген. Эл аралык коомчулук Иран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп атат деп шектенет. Тегеран дооматтарды четке кагып келүүдө.

XS
SM
MD
LG