Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Жикчилдер авиакырсык болгон жерге эл аралык эксперттер кое берилет дешет


Орусиячыл жикчилдер малайзиялык учак кулаган жерге эл аралык иликтөөчүлөр кое берилет деп убада кылышууда. 17-июлда Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан "Боинг 777" Украинанын Донецк аймагынын үстүнөн учуп баратканда кырсыкка учураган. Аймакта украин армиясы менен жикчилердин урушу жүрүп жатат. Эки тарап бири-бирин учакты атып тушүргөндүгү үчүн айыпташууда. Борттогу 298 киши набыт кеткен. Адегенде жикчилдер учактын эки кара жашиги табылганын маалымдап, кийин аны төгүнгө чыгарышты. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму Украина боюнча мониторинг тобу окуя болгон жерге жөнөгөнүн маалымдады. Орусия президенти Владимир Путин ок атышууну дароо токтотууга, Киев менен жикчилдердин тикелей сүйлөшүүлөрүнө чакырды. БУУнун Коопсуздук кеңеши бүгүн чукул жыйынга чогулууда.

XS
SM
MD
LG